Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдө борбору Бишкек шаарындагы санитардык-эпидемиологиялык абалга көзөмөл жүргүзүүчү өз алдынча уюм болуп саналат.
БшМСЭКБнын негизги милдеттери:
- Бишкек шаарынын калкынын арасында жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу;
- Адамдарга тийгизилген зыяндуу факторлордун таасирлерин алдын алуу;
- Калкты гигиеналык жактан тарбиялоо жана билим берүү.
Кыргыз АССРинин Саламаттык сактоо эл комиссариатынын Фрунзе шаардык безгекке каршы бекети 1926-жылы ачылган.
Ал 1935-жылы Кыргыз АССРинин Саламаттык сактоо эл комиссариатынын Фрунзе шаардык борбордук тропикалык бекети болуп аты өзгөртүлгөн Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык бекети Фрунзе шаардык элдик депутаттар советинин аткаруу комитетинин саламаттык сактоо башкы башкармалыгынын түзүмдүк бөлүгү катары Фрунзе шаардык санитардык-эпидемиологиялык бекети болуп кайра түзүлгөн.
1991-жылы 5-февралда Фрунзе шаары Бишкек шаары болуп аталганына байланыштуу, Фрунзе шаардык санитардык-эпидемиологиялык бекети Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык бекети болуп аталган.
2002-жылы КР ССМинин 11.07.2002-ж. №292 буйругун аткаруу жана “Саламаттык сактоону реформалоо-2” долбоорун ишке ашыруу максатында Кыргыз республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматында кайра түзүү (реструктуризация) болгонуна ылайык санитардык-эпидемиологиялык бекети Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөдөө борбору аталган.
Фрунзе шаарындагы безгек же тропикалык бекети, 1955ж. сүрөт
Фрунзе шаардык санитардык эпидемиологиялык бекети, 1980ж. сүрөт
Жетекчилери
Кундашев Кубан Уланович
Башкы дарыгер
Телефон: 0 (312) 544540
Рыскулбекова Айнагуль Байсаловна
Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча башкы дарыгердин орун басары
Телефон: 0 (312) 544542
Курманова Мира Абдыкаиповна
Мамлекеттик санитардыкык көзөмөлдөө боюнча башкы дарыгердин орун басары